• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Ихсан» кооперативинин төрайымы кармалды

12 Теке 202210:43 Бишкек Govori.TV

«Ихсан» кооперативинин төрайымы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармасына жана негиздөөчүлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын март айынын башынан тартып ушул кезге чейин республиканын бардык аймактарынан ушул кооперативге мүчө катары кирген жарандардан көптөгөн арыз-даттануулар келип түшкөн. Жарандар менен “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде, турак жай жана автоунаа сатып алуу үчүн акча каражаттарын, кирүү акысына 4% жана 7% өлчөмүндө, ошондой эле алынган мүлктүн наркынан 25%, 35% жана 50% өлчөмүндө баштапкы төгүмдөрдү төлөшкөн.

«Жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзүп, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилиги тарабынан ушул убакытка чейин жарандарга келтирилген зыяндын орду толтурулган эмес. 2022-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 96-беренесинин талабына ылайык, кылмышка шектүү катарында «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 1975-жылы туулган Б.А. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарга мындан ары «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин мүчөлүгүнө кирүүдөн карманууну суранат. Учурда, аталган кылмыш иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 1549