• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ИИМ: 8-9 август түнү 50 гө жакын киши кармалды

9 Баш оона 201912:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

8-9-август түнү болгон окуяларга байланыштуу 50 гөжакын киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармылыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайк, 9-августка караган түнү 1,5 миңге жакын таяк көтөргөн адамдар Бишкектин көчөлөрүн аралап, тынчтыкты бузууга аракет кылышкан. Милиция массалык башаламандыктын, талап-тоноонун алдын алуу максатында атайын каражаттарды колдонуп, элди таратууга аракетин көрүшкөн.

Андан тышкары, “Маалымат технологиялары жана байланыш комитети 9-августка караган түнү Бишкектин айрым жерлеринде «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланганын билдирген. Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 14