• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ Академиясынын кызматкерлери сууда агып бараткан кызды куткарып калышты 

20 Теке 2020 9:44 Бишкек Govori.TV

Сууга агып бара жаткан кызды Ички иштер министрлигинин Академиясынын нөөмөттө турган кызматкерлери сууда куткарып калышты. Бул тууралуу Академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кезметте турган курсант Асылбеков Бекжан “Аламүдүн-1” кичи районундагы каналда кыздын жардамга чакырып кыйкырып агып бара жатканын көргөн. Ошол замат ИИМдин Академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Нөөмөтчү милициянын подполковниги Ж.Шамиров, нөөмөтчүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Б.Тангатаров жана Академия боюнча жооптуу милициянын полковниги Н.Камчыбеков тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан.

Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аларга кыздын ата энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти.

Количество просмотров: 328