• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Аспеков менен Жунусбековго карата текшерүү башталды

28 Бештин айы 2020 17:19 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу Алексей Мощиндин арызынын негизинде Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү иштерин башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган факт боюнча ыкчам тергөө иштерин жүргүзүлүүдө.

«Мелис Аспековго байланыштуу ишти Чүй облустук милициясы, ал эми Төрөхан Жунусбеков боюнча ишти Талас облустук милициясы териштирет. Иш ИИМдин Тергөө кызматынын көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мурда Мощин Аспеков менен Жунусбеков президенттикке талапкердин штабынын кызматкерлери эместигин билдирип, ИИМге арыз жазган. Бирок арыз ээси алар өздөрүнүн үгүт иштеринде Садыр Жапаровдун ысымын колдонуп жаткандыктарын билдирген. Бул арада Төрөхан Жунусбеков алардын үстүнөн каралоо жүрүп жатканын ЖМКлардын бирине билдирген.

Количество просмотров: 344