Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.
Коомчулукта милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тарады. Аталган маалыматты тактоо иретинде ИИМдин маалымат катчылыгына байланышканыбызда бул тууралуу толук маалымат жок экенин билдирди.
“Кечээ мурдагы президентти суракка чакыруу каты берилген. Ал катта Атамбаев 19-июль саат 10:00 го суракка келиши керектиги жазылган. Ал эми күч менен кармап келүү боюнча андай маалымат жок”,-деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.
Эске салсак, мурдагы президентти суракка чакыруу биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда келген. Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай турганын айтып келет.