• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ИИМ: Атамбаевдин үйүнөн атуучу курал жарактар жана ок дарылар алынды

10 Баш оона 201919:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.08.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 8-августунда Аламүдун районундагы Кой Таш айылында мурдагы президент А.Атамбаев ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин, анын үйүн кароо учурунда ар кандай ок атуучу курал жарактар жана ок дарылар милиция кызматкерлери тарабынан алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен А.Атамбаевдин үйүнөн алынган куралдар: СВД сайлуу ок атуучу куралы магазини менен, ZOLI -300 маркасындагы ок атуучу курал, СКС сайлуу карабин мылтыгы, 12 калибрдеги сайсыз “Сайга 20 С” мылтыгы, “Progress” маркасындагы сайсыз ок атуучу курал, “Капрал” автоматтык сайсыз ок атуучу куралы магазини менен, ТТ маркасындагы сыйлыкка алган сайлуу 7,62 калибрлүү пистолет эки магазини менен, CN 100 маркасындагы 9-калибрдеги 2 пистолет, “Fabarm”маркасындагы ок атуучу курал, жана ТОЗ маркасындагы 12 калибрдеги кош ооз сайсыз мылтыгы алынды. Жалпы жонунан 11 даана курал жана ок дарылар алынды.
Андан сырткары УКМКнын ыкчам тез аракеттенүүчү отрядынын кызматкерлеринен тартылып алынган 12 калибрдеги резина ок менен атылуучу 7 помпо куралы алынды.
Учурда бардык алынган куралдар боюнча атайын криминалисттик экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 15