Алмазбек Атамбаев Россиядан кайтып келгенден кийин Ички иштер министрлигине сурак берүүгө келет деп ойлойбуз. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Алмазбек Атамбаев күбө катары тергөө иш-чарасына катышууга тийиш. Бул — Жазык-процесстик кодекстин талабы. Мыйзам боюнча биз ага өлкөдөн чыгууга жана өлкөгө кирүүгө тыюу сала албайбыз. Ал өзү кайтып келерин билдирип жатат. Келгенден кийин акыры укуктук талаага кирет, тагыраагы өзү сурак берүүгө келет деп ойлойбуз. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иш-чаралары тынымсзы улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 24-июлда саат 13:48те Алмазбек Атамбаев Кант шаарындагы авиабаза аркылуу Россияга учуп кетти