ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти тергеп бүтүп, материалдар 27-сентябрда Башкы прокуратурага жиберилди. Башкы көзөмөл органы чечимдердин мыйзамдуулугун карап, сотко жөнөтөт.
Маалыматка ылайык, бул иште шек саналган 19 кишинин 14ү тергөө менен кызматташууга макул болуп, тийиштүү кагазга кол койгон.
Бул иште аты аталган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевди Интерпол аркылуу издөө уланууда.
Батукаев 2013-жылдын апрелинде «оор дартка кабылды» деген негизде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик учакта Чеченстанга учуп кеткен.
Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон жоон топ саячатчылар айыпталууда.