• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Банкоматтарды талкалап, миллиондорду уурдаган кылмыштуу топ кармалды (Видео)

23 Чын куран 2019 14:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

Ички иштер министрлигинин жана Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан банкоматтарды талкалоо жана акча каражаттарын уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.


Банкоматтардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдоо негизинен Республиканын аймактарынан жасалып келген. Биринчи факты Талас облусунда катталган. 2018-жылдын 12-декабрында белгисиз адамдар Талас районунун Айыл Өкмөтүнүн имаратына киришип, иш бөлмөдөгү сейфти талкалашып, 31 миң сомдон ашык өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмышкерлер, андан сырткары “Бакай Банк” банкоматынын арткы бөлүгүн талкалашып, 801 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен.
Жалпысынан 833 миң сомдон ашык материалдык зыянга учураткан. Аталган факты РИИбдин кылмыштарды каттоо китепчесине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.


Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында экинчи банкоматты талкалоо фактысы катталаган. 2019-жылдын 2-февраль күнү кечинде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында белгисиз адамдар “РСК-банк” банкоматын талкалашып, аны уурдоого аракет кылышкан. Келтирилген чыгым 1000 000 сомго бааланууда.
2019-жылдын 9-февралынан 10-февралына караган түнү Араван районунда жайгашкан “КБ Кыргызстан” банкынын банкоматын белгисиз адамдар ичинде калган 900 300 (тогуз жүз миң үч жүз ) сом акчаны банкоматты күч колдонуп бузуу менен акчаларды уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү “Уурдоо” боюнча иликтөөлөр башталган.


Ошондой эле, 2019-жылдын 3–мартка караган түнү Ош шаарындагы Филармониянын артында жайгашкан “КБ Кыргызстан” банкынын банкоматын талкалап, банкоматтын ичинен 1 млн 500 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү “Уурдоо” боюнча иликтөөлөр башталган.


2019-жылдын 12-апрелдин түнүндө Нарын облусунун Нарын шаарында Драмтеатрдын артында жайгашкан “КБ Кыргызстан” банкынын банкоматын талкалап, банкоматтын ичинен 2 млн 400 миң сом акча каражатын тоноп кетишкен. Ошол эле күнү Нарын шаарында кылмышкерлер “КICВ-банк” банкоматын талкалашып, 2 млн 350 миң сом акча каражатын алып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү “Уурдоо” боюнча иликтөөлөр башталган.

Ички иштер органдары тарабынан каржы мекемелердин коопсуздугуна коркунучтарды түзгөн уюшкан кылмыштуу топтордун коомдук коркунучтуу иш аракеттерине бөгөт коюшту. ИИМдин ыкчам кызматтары банкоматтарды талкалоого байланышкан бардык кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топтун изине түшүүгө мүнкүн болгон. Болжолдуу маалымат боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 9 млн ашык сомду түзөт. Кылмыштуу топтордун курамында мурда соттолгондор, аларда кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн колдонулган куралдар жана жабдыктар болгон. Жабдыктар Россиялык өндүрүштөн болгондуктан атайын кызматтарга арналып жасалган баасы 280 миң рублейди түзүп, Россиядан алынып келинген.


Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери менен бирдикте жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар кылмышкерлерди кармашкан.
Чүй облусунун Аламүдун районунда жашаган Ош шаарынын 1989-жылы туулган К.А.аттуу тургуну кармалган. Ал мурда “Уурулук” фактысы менен соттолгон.


Кармалган жарандын айдап жүргөн “MITSUBISHI SPACE STAR” үлгүсүндөгү автоунаасын соттун токтомунун негизинде тинтүү жүргүзгөн учурда автоунаасынан жалпы суммасы 990 000 (тогуз жүз токсон мин) сом акча каражаты табылып, далил буюм катары алынган.


Экинчи шектүү Чүй облусунун 1985-жылы туулган А.К. аттуу жараны кармалып, мурда уурулук, айдап качуу, документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо жана жок кылуу жана башка кылмаштар үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Ал Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Кармоо учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жаран “Lexus-RX330” үлгүсүндөгү автоунаасын айдан жүргөн учурунда кармалган. Анакталгандай, ал уурдалган акчага автоунаа сатып алып, үйүн ремонттоп жүргөн.
Шектүүнүн үйүнө кароо жүргүзүү учурунда далил буюм катары үйүнөн темир буюмду кесүүчү аспаптар, кислороддук балондор, ок атуучу курал, уюлдук телефондор, сумка чектик китепчелер жана ар кандай эсеп дүмүрчөктөрү башка буюмдар алынган.
Кармалган жарандар жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бары далилденди.
Азыркы учурда кылмышка катышы бар башка шериктери да аныкталып, алардын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 29