• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Бишкектеги мейманканаларда адамдар чогулуп жатат деген маалымат текшерилүүдө

10 Үчтүн айы 2021 19:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январдагы маалымат жыйында ИИМдин өкүлү президентикке талапкерлердин бири жеңилип калса, абалды туруксуздаштыруу үчүн Бишкек шаарындагы мейманкаларда адамдарды чогулуп жатат деген социалдык тармактардагы маалымат боюнча тактоо иштери жүруп жатканын билдирди.

«Бул маалыматтар боюнча учурда мейманканасындагы жарандар суралып жатат. Бишкек милициясы бул маселеи өз көзөмөлүнө алды», — деди ИИМдин бөлүм башчысы Султан Макилов.

Андан президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин Бишкек шаарында кандайдыр бир иш-чара өтүшү мүмкүн деген маалыматтын чын-төгүнүн такташты.

Количество просмотров: 153