Айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-январдагы маалымат жыйында билдирди.
«Жакында бул боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, каржылык колдоо көрсөткөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин («Уюшкан топторду кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») негизинде жоопко тартыларын белгилеп кетким келет», — деди Абдиев.
Бирок алардын ысымдарын атаган жок.