Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин “ИИМ болуп өткөн окуяларга өз убагында аракет кылган жок” деген дооматы чындыкка дал келбей турганын билдирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, чакырык түшкөндө өз убагында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Бул факты өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, процессуалдык чемим кабыл алынган.
«Андан сырткары, 2024-жылдын 18-майына караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенет. Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат. 2024-жылдын 18-майында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган.
Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга карата зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок, буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот.
Жогорудагы фактылар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтарында 9 кылмыш иши козголгон, анын ичинде бейбаштык -3, тоноо -1, каракчылык -1, массалык башаламандык -3, расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоо -1. Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 10 жаранга (6 Кыргызстандын жаранына жана 4 чет өлкөлүк жаранга) айып тагылган», — деп билдирди ИИМ.
Кошумчалангандай, ИИМ коомго каршы мыйзамсыз аракеттердин бардык катышуучуларын, чет өлкөлүк жарандарды тоноого жана сабоого тиешеси бар адамдарды аныктоо уланып жатат.
«Алардын эч кимиси жазадан кутула албайт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган окуялардын бардык жагдайлары кылдат иликтенет», — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-майда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековду чет элдик студенттер катышкан чырдан улам жоопкерчиликке тартууну сунуштаган.