Депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековду чет элдик студенттер катышкан чырдан улам жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо.
22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ал өткөн жумада чет элдик студенттерге байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетине протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
«Окуя өзү 12-майдан 13-майга караган түнү болгон. Албетте, күнөөлүүлөр жазасын алат деп айтып жатабыз, бирок эмне үчүн биз министрдин жоопкерчилигин карабайбыз. Эмге үчүн учурунда реакция берген жок. Мына карабайсызбы, депутаттарды аңдып эле жүрөт, активисттерди аңдып эле жүрөт порно фильмдерди тартып эле жүрөт. Реалдуу ишти кылбайбы. Жолдогу коопсуздук боюнча канча көйгөйлөр бар… Керек болсо мына ОПГ менен милиция күрөшүү керек болчу, бирок алар күрөшө албай УКМК алектенип жатат. Эмне үчүн вотсап группаларда маалыматтар тараганда эле реакция кылган жок, ошону менимче комитет карашы керек », — деди Бекешев.
Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.
Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.