• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: Эч кимге кысым болгон жок, суракка октябрдагы окуялар боюнча күбөлөр чакырылууда

20 Жетинин айы 2020 12:51 Бишкек Govori.TV

ИИМ эч кимге эч кандай кысым болгон жок, тергөө 5-6-октябрдагы окуялар боюнча тиешелүү жарандарды күбө катары чакырды. Мындай билдирүүнү ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

«Акыркы мезгилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоонун датасы жөнүндө ой-пикири бар эл депутаттарына карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда.

Аталган маалыматтар боюнча ИИМ төмөндөгүлөрдү билдирет:
5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып бийлик алмашылган.

Ушул окуялар жана фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө, иликтөө иштерин колго алып сотко чейинки өндүрүш ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмесинде бир топ жарандар бар. Алдардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар.

Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан акыйкат жыйынтык чыгарыш керек.

Октябрь окуяларынын жүрүшүндө окуяларга катышкан, аны билген, ал окуяларга аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө
катары гана сурап жатат. Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү, ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок экендигин белгилейбиз», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрт депутаты Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакыртылган.

Количество просмотров: 85