• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

ИИМ: Эл аралык издөөдөгү эки жаран кармалды

23 Кулжа 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол аркылуу издөө жарыялаган эки жарандын бири Испаниянын борбору Мадриддеги аэропорттон, экинчиси Орусиянын Новосибирск шаарындагы аба майдандан кармалганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын 1988-жылы туулган жаранына Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) тарабынан 2022-жылы издөө жарыяланган. Ал 140 миң доллар акчаны алдап алып, изин жашырып кеткен деп шек саналууда.

Маалыматка ылайык, шектүү Түркияда жүргөн жана Кыргызстан менен экстрадиция келишими жок өлкөлөргө чыгып кетүүнү көздөп, АКШга жетүү үчүн Түркия-Мексика багытындагы учакка билет сатып алган.

Кыргызстандын 1988-жылы туулган дагы бир жараны мурдагы банк кызматкери. Ал кардардын 900 миң сомун алган боюнча качып кеткен деп шек саналып, Орусиянын Новосибирск шаарындагы аэропорттон кармалды.

ИИМ Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура менен чогуу кармалгандарды алып келүү аракетин көрүп жатат.

Количество просмотров: 113