Изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүм Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 15 жаштагы тургуну К.А. 8-августта таенесине таарынып үйдѳн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
10-август түнкү саат 00:30дар чамасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан табышкан. К.А. Чолпон-Ата шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторуна өткөрүлүп берилген.