• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ИИМ: Коменданттык сааттын талаптарын 85 киши бузду

11 Чын куран 2020 11:08 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 85 киши бузду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында — 57, Ош шаарында — 7, Жалал-Абад шаарында — 14, Сузак районунда – 4, Кара Суу районунда – 3 адам кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулду. 10 автоунаа айып токтотмосуна коюлду. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуу катталган жок.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан өзгөчө абал киргизилген 25-марттан тарта 2327 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып кайра коё берилген.

Количество просмотров: 76