• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ИИМ: Кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды

21 Жетинин айы 2023 17:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, болжол менен саат 16:00 чамаларда Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү Б.У. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аны кармоого Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери катышып, алар тарабынан жоокер Б.У.нун Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.

«2023-жылдын 20-ноябрь күнү болжол менен саат 06.10 чамаларда Токтогул ГЭСтери каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постунда күзөттө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Бишкек шаарынын тургуну 2002-ж.т. Б.У. өзү менен чогу кызмат өтөп жаткан жоокер Ош облусунун тургуну 2003-ж.т. Т.С. менен пикир келишпестиктен улам колундагы кызматтык ок атуучу куралы менен атып, окуя болгон жерден куралын кошо алып белгисиз тарапка качып кеткен. Азыркы учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 215