• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: Милиция шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздайт

9 Теке 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Милиция шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздайт, — деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу, КР Ички иштер министрлиги өткөрүлүүчү иш-чаранын маанилүүлүгүн түшүнүп, шайлоого карата даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартиптин жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыгып, Бишкек, Ош жана Токмок ШИИБне жиберилген.

Планда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участокторун коргоо, инвентаризациялоо, ташуу коопсуздугу жана шайлоо бюллетендерин шайлоо тилкелерине жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу кирет. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен маалымат алмашуу, ошондой эле иш-чаралар жөнүндө маалыматты жалпылоо максатында маалыматтык-аналитикалык топ түзүлдү.

Ички иштер министрлиги БШК менен биргеликте мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн онлайн усулдук окууларды өткөрүүдө.

2021-жылдын 9-июлунан 12-июлуна чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери алдыда өтө турган шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн түрдө кызмат өтөөгө киришти.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 326 шайлоо тилкелеринин комиссиясы түзүлдү.

Бул шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого үч миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Ал эми шайлоо тилкелеринде миңден ашуун кызматкер бекитилген. Ошондой эле ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү дагы тартылат.

Учурда ИИМдин жана БШКнын кызматкерлери таза жана ачык шайлоо өткөрүү боюнча координациялык топто иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, COVID-19га байланыштуу, шайлоо күнү кошумча санитардык чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, шайлоо күнү бардык шайлоочуларга бет каптар жана кол каптар берилет.

«Ички иштер министрлиги саясий процесстерге катышпайт жана кийлигишпейт, ал бардык саясий коомдук бирикмелерге бирдей мамиле кылат, бирок, эгерде мыйзам бузуулар жана укук бузуулар аныкталса, анда бардык фактылар катталып мыйзам чегинде жоопко тартылышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 47