• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ: Милициянын 12 кызматкери коронавирус жуктурган болушу мүмкүн

21 Чын куран 202015:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 12 милиция кызматкери коронавирус жуктурган болушу мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, укук коргоо кызматкерлери учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

«Бүгүнкү күндө аталган кызматкерлер обсервацияга жаткырылды. Алардан биринчи тапшырган анализдеринде оорунун белгилери жок. Эми алдыда дагы он күндөн кийин экинчи жолу анализ алынат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 217