• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМ Оштогу атыштын чоо-жайын териштирди

26 Аяк оона 2019 16:43 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кылмыш кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголуп, күбөлөр суралып жатканы кабарланды.

22-сентябрь күнү кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн.

Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин ырастаганы боюнча, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

Окуя байланыштуу Ош мэриясынын спорт башкармалыгынын башчысы Кылыч Саркарбаевдин да аты аталган. Анын талапкерлери бул маалыматты четке кагууда.

Төлөгөн Рахманберди уулу 25-сентябрда Оштогу жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, өзүн өзү атып алганын айтып берген.

Количество просмотров: 94