Бүгүн, 31-январдагы Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев ИИМ министринин орун басарына кайрылып Саймаити иликтөөдө айтып жаткан кол салуу тууралуу маалымат сурады.
Ал эми Ички иштер министринин орун басары Саймаитинин Ошто сабалганы тууралуу тастыкталган маалымат жок экенин айтты.
«Маалыматка таянсак Саймаити 11-май күнү 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал эми иликтөөдө айтып жаткан кол салуу боюнча факт тастыкталган эмес жана иш козголгон эмес. Себеби ур-токмокко алындым деп Саймаити кайрылган эмес», — деди ал.
Эске салсак, комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат