Бишкек.11.08.2019.Govori.TV.
Буга чейин ММК булактары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок ИИМ бул маалыматты четке кагып, Сегизбаев камакка алынбаганын маалымдашты.
Эске салсак, Абдил Сегизбаев 7-августта Атамбаевди кармоо операциясындагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.
Учурда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.
Ал эми мурунку президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды.