• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМ: Сойку ташыган милиционер тууралуу маалымат жалган

2 Чын куран 2020 15:25 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Бишкекте милиция кызматкери түнчүндө өзүнүн жеке машинасы менен сойкуларды ташып жүргөн деген маалыматты четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы 2-апрелде билдиргенине караганда, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин машинасы менен шаар ичинде кетип баратканда кайгуул кызматы токтоткон. Учурда ал коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

ИИМ «Айрым бир сайттарда жарыяланган милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн деген жалган маалымат» деп билдирди.

Ошону менен катар министрлик элди жалган маалымат таратпоого чакырып, «чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын» эскертти.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган.

Количество просмотров: 545