• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ: Учурда коомдук кырдаал туруктуу. 10 миңден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

4 Тогуздун айы 202010:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн коомдук тартипти сактоо үчүн 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

«Ар бир шайлоо участкаларына милиция кызматкерлери бекитилген. Ал эми 900 кызматкер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жатат. 2 миңден ашык элдик кошуундар тартылып, ыкчам штабдар түзүлдү. Учурда кырдаал туруктуу», — деп билдирди Султан Макиев.

Количество просмотров: 67