ИИМдин БМЖКККга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын сактап жана сатып жүргѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ Жалал-Абад шаарынын аймагында ири ѳлчѳмдѳ бангизатын жасоо, сатуу менен алектенген “А” аттуу жарандын ѳздүгүн жана анын кылмыш тобунун ар бир мүчѳсүн аныктап, алардын кылмыш аракетине бѳгѳт коюлган.
“А” Жалал-Абад шаарынын тургуну, чет мамлекеттин жараны 1995-жылы туулган Ю.Ф.М. экендиги такталган. Ал ѳзү жашаган даректе аптекалык даары дармектердин аралашмасы менен бангизаттын психоактивдүү түрлѳрүн жасоо үчүн атайын лаборатория жана кылмыштуу топ уюштургандыгы тууралуу маалымат алынган.
2024-жылдын 14-октябрь күнү кызматтык иттин жардамы менен анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ѳз ыктыяры менен 3 литрдик банкадагы кескин жыты бар болжол менен марихуана бангизатын тапшырып берди.
Андан сырткары тинтүү учурунда үйүндөгү сарайдан 5 даана пакетке салынган кескин жыты бар болжол менен 3-4 кг болгон марихуана баңгизаты жана 100 миллиграмдык 33 даана медициналык этил спиртинин бош бѳтѳлкѳлѳрү, ар кандай майда кѳлѳмдѳгү белгисиз суюктуктар, 1 литр кѳлѳмдѳгү желим бѳтѳлкѳдөгү спирт жыттанган суюктуктар, сода, электр плита, ичинде баңгизат калдыктары менен ар кандай кѳлѳмдѳгү темир идиштер, сита, баңгизат калдыктары менен 3 кайчы, 3 бычак, баңгизат колдонуу үчүн даярдалган атайын идиштер жана ошондой эле бангизат жасоо үчүн колдонулган ар кандай майда буюмдар алынды.
Ыкчам иликтѳѳ иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын аймагында акыл эске терс таасир этүүчү бангизат жасоо, ташуу, сатуу менен алектенген Ю.Ф.М. уюштурган мыйзамсыз лабораториянын жана кылмыштуу топтун кылмыш аракетине бѳгѳт коюлду.
Азыркы учурда анын үйүнѳн алынган заттар жана буюмдар боюнча туура юридикалык баа берүү үчүн атайын соттук химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.