• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын башчысы кармалды

25 Жетинин айы 201910:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн эс алуу күндөрүндө УКМК жана Ички иликөө кызматы тарабынан пара талап кылды делген ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Н. Биялиев кармалган.

Айрым маалыматтарга ылайык, шектүү 3 миң АКШ долларын С. Р аттуу жарандан анын күйөөсүнө карата козголгон баңгизат боюнча кылмыш ишти токтотууну айтып талап кылган.

Шектүү кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 1080