• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМдин кызматкери пара менен кармалды

13 Жетинин айы 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

Пара алуу фактысы менен Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрында УКМК КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери «З.Ж.А.» кармалды.

Кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара талап кылуу») каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

ИИМдин кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды. Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 81