Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
ИИМдин тергөө кызматынын башчысы болуп Сыргак Айткурманов дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка 23-августта ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кол койду.
Сыргак Айткурманов бул кызматка Ош шаарынан которулуп келди.
Буга чейин ИИМдин тергөө кызматын Памир Асанов жетектеп келген. Учурда ал ИИМ башчысынын орун басары болуп иштеп жатат.