Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.
Кызматка жаңы дайындалган Ички иштер министрлигинин орун басары Памир Асановдун уулу Райымбек Матраимовдун жээнине үйлөнгөн. Бул тууралуу kaktus.media жазды.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттө Памир Асановго окшош адам олтурганын жана ортодогу айым Райымбек Матраимовдун эжеси Фарида Матраимова экени айтылууда.

Күч органдарынын кызматкерлеринин айтымында жаңы дайындалган орун басар Памир Асанов чындыгында эле Райымбек Матраимовдун кудасы экенин айтышты.
Белгилүү болгондой Асановдун уулу Фарида Матраимованын кызына үйлөнгөн. Ал эми Памир Асановдун канча баласы бар экени белгисиз.
Эске салсак, коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген. 2018-жылы апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берип, быйыл утуп алган.