• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

ИИМдин жамаатына Ниязбеков министр катары тааныштырылды

11 Тогуздун айы 202014:06 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин жамаатына милициянын полковниги Улан Ниязбеков министр катары тааныштырылды. Аны Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда тааныштырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ИИМдин башкы башкармалыгынын жана кызматтардын башчылары катышкан.

«Улан Ниязбеков ыкчам кырдаалда кыраакылыгын көрсөткөн кесипкөй сабаттуу жетекчи. Мен анын уюштуруучулук жөндөмү менен тажрыйбасы алдына коюлган тапшырмаларды так аткарууга мүмкүндүк берет деп толук ишеним көрсөтөм. Өзүңүздөрдүн араңыздардан чыккан иш-тажрыйбасы бар кадрлардын бири. Сиздер дагы министриңерди жакшы кабыл алат деген ойдомун. Бүгүнкү күнү өлкөдө оор кырдаал түзүлүп калды. Башыбыздан үчүнчү төңкөрүштү өткөрүп жатабыз. Милиция кызматкерлери бул массалык баш аламандыкка туруштук берип, баш аламандыкты алдын алууга, өлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту сактап калууга чоң салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Мен сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ички иштер министрлигинин өздүк курамына Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, өлкөдө туруктуулукту сактоо боюнча тапшырмаларды аткарууда ийгиликтерди каалайм», — деди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 145