ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгындагы коррупциялык схема ачыкка чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жетекчилик акчалай сыйлык алып турган.
«Кечээ, 27-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Анын алкагында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги «С.Н.Р.» кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Бул кызматты Нур Сатыбалдиев ээлеп турган.