• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ИИМинин кызматкерлери арыктоого милдеттендирилди

25 Жетинин айы 20199:12 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан ИИМинде учурда аттестация өтүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, талаптардын бири кызматкерлердин салмагына байланыштуу.

Полиция кызматкерлери билдиргендей, укук коргоочулардын салмагы 100 килограммдан ашпоосу керек.

«Оозеки көрсөтмөгө караганда, 25-декабрга чейин арыктай албагандар, чинине карабай кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз болору тууралуу бардык полиция бөлүмдөрүнө эскертүү берилген», – деди “Азаттыктын” кабарчысы.

Учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери дене тарбия машыгуулары менен алектенишүүдө.

Количество просмотров: 4280