Эки күндөн бери Баткенде үчүнчү жолу «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтүп жатат. Аны «Журналисттер» коомдук бирикмеси өткөрүп, форумду Кыргызстандагы журналистиканын 100 жылдыгына арнаган.
Эки күн бою Баткенге чогулган журналисттер журналистиканы өтмүшү менен азыркысынын абалын, көйгөйлөрүн талкуулап, өз ара пикир алышты. Ар кандай темада дискуссиялар уюштурулду.
Бүгүн 8-сентябрда аталган медиафорум ишин жыйынтыктады. «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков медиафорумду жыйынтыктап, кезектеги иш-чара келерки жылы Ысык-Көл облусунда өтө турганын билдирди.
«Ийгиликке кадам» медиафорумуна өлкөнүн бардык облусунан келген журналисттер, медиа жетекчилери катышты.