• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Икрамидин Айткуловдун уулу дагы алдамчылыкка шектелүүдө

23 Баш оона 2019 12:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.08.2019.Govori.TV

Камакка алынган жактоочу Икрамидин Айткуловдун уулуна карата «Алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын 24.кg сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 24-январда Башкы прокуратурага Б.Т. аттуу жаран кайрылып, Азамат Айткулов 2014-жылдын апрелинде атасынын дарылануусуна деп 25 миң доллар алганын айткан. Анда насыялык келишим түзүшкөн. 3 айдан кийин шектүү ишкерликти өнүктүрөм деп карызга 6 миң доллар дагы алган.

ШИИББнын маалыматына таянсак, 2014-жылдын акырында Икрамидин Айткулов уулунун карыз милдетин өзүнө алган. 2015-жылы ал арыз ээси менен насыялык келишимге кол коюшкан. Бирок, арыздануучу карызды дагы деле ала элегин билдирди.

«Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө 2015-жылы Азамат Айткулов дагы бир алдамчылык фактысы менен соттолгону анык болду», -деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалган болчу.

Количество просмотров: 3