• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Икрамов: Элди мынчалык тоногудай Жапаров менен Абдыкадыров Гандурастан келишти беле?

7 Аяк оона 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кыш мезгили келе жатканда борбор калаанын тургундары үчүн эки эң чоң “белек” даярдап жатышканын айтты.

«Кышкы жылытуу сезонунда КабМин үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салып, аны менен катар жеке турак жайларга Кара Кеченин көмүрүн пайдаланууну токтоткону турушат. Анын ордуна Казакстандын көмүрүн пайдаланууну сунуштоодо. Кара Кеченин көмүрү өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот. Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрү “сапаты жакшы” деп, айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн.
Экинчи маселе. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө беш-алты окуучу, стунденттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет. Өкмөттүн эки жоопту чиновниги элдин жашоо шартын жакшырткандын ордуна тескерисинче, карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат. Элди мынчалык тоногудай А. Жапаров менен Э. Абдыкадыров Гандурастан келишти беле?», — деди Икрамов.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте быйыл Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынарын энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирген. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин болжол менен 20-22 сомго көтөрүүнү сунуштаган. 

Количество просмотров: 11592