Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте депутаттар пайда көрчү бюджет жок экенин айтып, мыйзам чыгаруу бийлигине чыныгы мекенчил адамдар келерин билдирди.
Ал бул тууралуу социалдык тармактарда «депутаттар мандатты сатып алышат» деген пикирлер көбөйгөнү боюнча «Азаттыкка» жооп берип жатып айтты.
«Өзүңүздөр билесиздер Жогорку Кеңеште эч кандай бюджет жок. Көптөгөн кыскартууларга бардык. Жогорку Кеңешке чындыгында патриот адамдар келет. Мүмкүн көбү «акча табат» деп башкача ойлошот. Бул жерде өзүнүн мекени үчүн күйгөндөр отурат. Парламентте ыйык трибуна бар. Мына ошол жерде элдин сөзүн өкмөткө жеткирип, болбосо өкмөттө коррупция болуп атса биз гана көтөрүп, «бул жерде коррупция болуп атат, өкмөт туура эмес иштеп атасыңар» деп элдин атынан гана сүйлөй турчу трибуна бар», — деди Икрамов.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын октябрында болорун кабарлады.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы ишин баштаган. Парламентте жалпы 120 депутат, алты фракция, тогуз комитет бар.
Булак: Азаттык.