• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Икрамжан Илмиянов жатак-абакка которулду

23 Теке 202013:05 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаевдин мурдакы кеңешчиси, президенттин аппаратынын башчысынын экс-орун басары Икрамжан Илмиянов жатак-абакка которулду.

Анын жактоочусунун айтымында, бул Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын объективдүү чечими, анда Икрамжан Илмияновдун келтирилген зыяндын ордун толтургандыгы да эске алынган.

Эске салсак, Икрамжан Илмиянов 2017-жылкы президенттик шайлоодо «Дизель Комплект» ЖЧКсынан сыйлык жана демөөрчүлүк катары 150 миң доллар алган деп айыпталган. Соттун өкүмү менен ал жети жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 74