• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө 28-июлга чейин узартылды

29 Бугу 201912:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө 28-июлга чейин узартылды. Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Садыгалиев билдирди. Илмиянов 28-августка чейин камакта калтырылган, тергөө жүрүп жатат. Ал эми мүлктөрү камакта турат.

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура былтыр 28-сентябрда кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Маалыматка ылайык, Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Илмиянов учурда УКМКнын тергөө абагында.

Количество просмотров: 16