Икрамжан Илмияновдун конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмеси
Икрамжан Илмияновдун конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмеси
30 Тогуздун айы 201916:27 Бишкек Govori.TV
Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Ал 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары мүлкү конфискацияланып, 160 миң сом айып салынды.
Сотто айыпталуучу адилет өкүм чыгарууну суранды. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу аны 7 жарым жылга эркинен ажыратып, 180 миң сом айып салууну суранган.
Икрамжан Илмияновдун үй-бүлөсүнө тиешелүү конфискациялана турган мүлктөрдүн тизмеси:
1956-жылы туулган Сатар Илмиянов —Икрамжан Илмияновдун атасынын атына жазылган:
Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан турак үй;
Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан жер тилкеси;
Лейлек районундагы ошол эле айылда жайгашкан сугат жер;
Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан кайрак айдоо үлүшү;
Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;
Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан жер тилкеси;
1956-жылы туулган Урулкан Илмиянова — Икрамжан Илмияновдун апасынын атына жазылган:
Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;
1986-жылы туулган Искендер Илмияновго таандык:
Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан турак үй;
1977-жылы туулган Айсулуу Илмияновага таандык:
Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;
1981-жылы туулган Раимжан Илмияновго таандык:
Лейлек районундагы Катыраң айылындагы айыл чарба тармагына багытталган жер тилкеси;
Икрамжан Илмияновдун камакка алынган мүлктөрү:
Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушундагы жер аянты;
Бишкектин Артезиан көчөсүндөгү үй;
Бишкек шаарындагы Баба-Ата көчөсүндөгү «Аброр» чайханасы
2007-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаасы;
Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү жер тилке,
Чүй облусундагы картон заводу
1983-жылы туулган Айбарчын Илмияновагажазылган:
Сокулук районундагы ири көлөмдөгү үч сугат айдоо аянты.
1988-жылы туулган Зулкайнар Илмияновго таандык
Сокулуктагы сугат жери;
Ак-Өргө конушундагы жер тилкеси.
Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.