Бишкек шаардык соту 19-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскартты.
Маалыматка ылайык, сот мындай чечимин быйыл 8-майда кабыл алынган мунапыс тууралуу мыйзамга ылайык кабыл алган.
Адвокат Кубанычбек Ташбалтаев Илмиянов буга макул эмес экендигин белгилеп, чечим колго тийсе Жогорку сотко даттаныша турганын кошумчалады.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн боло элек.
2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.
Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.
Шаардык соттун чечимине ылайык Икрамжан Илмияновдун жазасы 5 жыл 6 айды түзүп калат. 2018-жылдан бери убактылуу кармоочу жайда олтурган ар бир күнү эки күндөн эсептелет.