• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти

22 Үчтүн айы 2022 22:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-январда күч органдары иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.

Жактоочу Нурбек Токтакунов Темировду Бишкек шаардык милициясына алып кетишкенин айтты.

«Темировго карата кимдир-бирөөдөн арыз түштү деп түшүндүрүшкөн. Кеңсесиндеги компьютерлерди алып кетишкен»,-деди ал.

Буга чейин Тemirov Live телеканалынын кеңсеси тинтүүгө алынган. Тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзүп жатканы кабарланды.

Окуя болгон жерге журналисттер, жарандык активисттер чогулду.

Белгилей кетсек, Temirov LIVE каналы иликтөөлөрдү даярдап келет. Бир күн мурун эле Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешелүү күйүүчү май бизнесин жөнүндө иликтөө жарыялаган

Расмий органдар бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 639