• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Иликтөөчү журналистиканын татаалдыгын жеңген журналист айымдар

22 Жетинин айы 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Иликтөө – журналистикадагы эң татаал жана кооптуу жанр. Аны ишке ашыруу көп убакытты, тынымсыз эмгекти талап кылат. Кыргыз медиасында акырындык менен бул жанрдын белгилүүлүгү артып, жаңы ыкмаларды, технологияларды колдонуу менен жасалган иликтөөлөр коомчулуктун, бийликтин көңүлүн бурдурууда.

Көпчүлүк учурда иликтөөнү мырзалар жасашат деген түшүнүк айтылып келет. Буга аталган жанрдын татаалдыгы жана кооптуулугу менен негизделип мырзалар өзүлөрү тандап алса, кээ бир редакцияларда эркектерге артыкчылык көбүрөөк берилгени себеп болгон.

Анткен менен сапаттуу жана мыкты иликтөө жасаган журналист айымдардын катары арбып келе жатат. Алар даярдаган материалдар күндүн негизги темасы гана болбостон, акыбети кайткан учурларды да мисал келтирүүгө болот. Муну менен айымдар журналистикада кыз-келиндер жасай албаган жумуш жок экенин көрсөтүшүп, башкаларга да дем-күч, шык беришүүдө.

Иликтөөнүн максаты —  акыйкаттуулукту орнотууга салым кошуу

Ош шаарында иликтөө менен алектенген “Т-Медиа” каналынын иликтөөчү журналисти Кенжебү Маматсадыкова бар. Кенжебү үч жылга жакын убакыттан бери бул жанрда иштеп келет. Ал сапаттуу, коомдогу акыйкаттуулукту орнотууга салым кошкон иликтөөлөрдү жасасам деген оюн айтты:

«Акыркы жолу “Ош: Тендердеги тайкылык. Жаңы, бирок жараксыз эвакуатор” деген иликтөө жасагам. Анда шаардык мэрия сатып алган 4 эвакуатордун иштебей турганынын себеби айтылган. Иликтөө жарыялангандан кийин муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматынан алынды.

Мындай реакция болгондо өзүңө болгон ишенимиң артат, кийинки иликтөөлөргө ишенимдүү кадам таштай баштайсың. Анан бийликтегилер да астейдил мамиле кыла башташат. Ишеним артып маалымат бөлүшкөндөр болот.

Дагы бир жакшы жагы, бир маселени аягына чейин териштирип, иликтөө жасаганда өзүңдү чыныгы журналист сезесиң. Анткени, бирөөлөрдүн сөзүнө таянып эле маалымат чыгарып койбойсуң, мыйзамдарга такап, юрист мыйзамды айтып жатса, аны кайра ачып окуп чыгып, андагы нюанстарды салыштырып, маалыматтын үстүнөн терең иштейсиң.

Иликтөөчүлөр борбордо көп жана алар даярдаган материалдардын масштабы да кенен. “ПолитКлиника” медиасы даярдаган коррупциялык, экономикалык, саясий иликтөөлөр  коомдо бүйүр кызыткан материалдардан. Ушул медиада чуу жараткан иликтөөлөрдү даярдагандардын бири журналист Кымбат Турдубекова.

«“Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар” деген темадагы акыркы иликтөөбүз коомдук талкуу жаратып, президент өзү иликтөөдө айтылган фактыларды тастыктап, жооп берди. Айрым кызматкерлер кызматтан алынды. Бул дагы болсо биздин чоң жетишкендик деп эсептейм.

Ошондой эле, буга чейин жасалган иликтөөлөрүбүздүн негизинде айрым чиновниктерге кылмыш иши козголгон учурлары дагы бар. Мисалы, “Коронавирустан акча жасап…” деген материалыбызда мамлекет медициналык каражаттарды асмандатылган баалар менен сатып алган фактыны казып чыкканбыз. Эл кыйналып турганда биздин аткаминерлер ошол кырдаалдан да пайда көрүүгө аракет кылып жатканы өкүндүрдү. Биздин макаладан кийин талкуу күчөп, жооптуу адамдарга кылмыш иштери козголду. Айта берсек, мындай мисалдар көп эле, — деди өзү катышкан иликтөөлөрдүн айрымдарын эстеген Кымбат.

Иликтөөнү Али Токтакунов негиздеген “МедиаХабда” баштап, бүгүнкү күндө Би-Би-Си кыргыз кызматында ишин улантып жаткан Мээрим Айныкееванын буга чейин ийгилик жараткан материалдарынын бири “Сомо” компаниясы тууралуу материалы болгон.

«Бул алгачкы командалык зор эмгек болгон. Бул иликтөө мага көп тажырыйба алып келди. Эл аралык жана Кыргызстандагы сынактардан да баш байгелерди жеңди. Азыркы күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек. Иликтөө чыгары менен “Сомонун” ишмердүүлүгү алты айга бөгөттөлгөн, мыйзамсыз үстөк пайыз жана туумдар жокко чыккан. Компаниядан карыз алгандар насыянын “кара тизмесинен” чыгышкан. Коомго жакшы эле пайда алып келген, резонанстуу иликтөө болгон десем болот», – деп айтып берди Мээрим.

Тоскоолдуктар менен кыйынчылыктар

Көлөмдүү иликтөөлөрдү жасоого үч айдан жарым жылга чейин, кээде андан да узак убакыт талап кылынат. Маанилүү фактыны жалгыз иликтөөчү журналисттин алып жүрүүсү кооптуу болгондуктан, фактыларды ар тараптуу талдоо, издөө үчүн иликтөө менен такай алектенген редакциялар тобу менен иштешет.

Коомдогу катылып жаткан же байкалбай турган маселелерди ачыкка чыгарып, элге түшүндүрүп берүүдө кыйынчылыктар, тоскоолдуктар көп. Кымбат Турдубекованын пикиринде, бул эркектерге салыштырмалуу аялдардын кайсы бир чөйрөдө карьера жасоосу оорураак болгон кыргыз коомунда өзгөчө байкалат.

«Журналисттик иликтөө бул – дайыма стресстик абалда иштөө дегенди түшүндүрөт. Себеби, сенин жумушуңдун үй-бүлөңө дагы терс таасири тийип калышы мүмкүн. Айрым учурда иликтөөдөгү фигурантың “Сен үйдө бала карап эле отурбайсыңбы! Жакшынакай эле кыз экенсиң, дагы эмнени баштап атасың?! Кыз болгондон кийин үйдө эле отурушса!” деген сыяктуу стереотиптик көз караштагы сөздөрдү айтып, басмырлабай койбойт.

Экинчи жагынан, үй-бүлөлүү болгондон кийин, бир эле учурда макала жазууга, перзентибизди бала бакчага жеткирүүгө же алууга жетишиш керек. Ушундай жагдайлар кээде кыйынчылык туудурат. Бирок, биз баарын жеңип келатабыз”, — дейт журналист.

“Кыз кишисиң” деп теңсинбөө менен мамиле кылуу, коркутуулар иликтөөчү журналисттер үчүн көнүмүш экенин Мээрим Айнекеева айтат:

Биринчи эле, кыз киши деп сени тоготпогондор башталат. Андан кийин жеңил эле коркутуп алабыз деп ойлошот. Үйүмдүн тушуна чейин аңдып келген, коомдук жайларда астымды тороп, коркуткусу келгендер болгон. Айрым курбу кыздарымдан салам айттырып жибергендер дагы болушкан. Соцтармактар тынымсыз чабуулга кабылып турат. Бирок, иликтөөдөгү эрежелерди аткарып, ишиңди түз кылсаң, бул нерсенин баары убактылуу деп айта алам.

Иликтөөнүн кыз-келиндер үчүн ыңгайсыздыктары негизинен жеке жашоого байланыштуу. Бардык кыйынчылыктарды жакындардын колдоосу менен гана жеңүүгө болорун Кенжебү Маматсадыкова белгилейт:  

“Маалымат булагы үчүн кеч-күндүз дебей, дайыма ачык болушуң керек. Бул, албетте, үй-бүлөлүү айымдар үчүн ыңгайсыздык жаратат. Жасаган материалдар аркылуу сөзсүз бирөөнүн абийрин ачып, нааразы кыласың. Алар түрдүү жолдор менен жооп кайтарышат. Фейк аккаунттар, башка номурлар менен чалып үй-бүлөңдө өйдө-ылдый болушун каалагандар чыгат. Атайын таанышмакчы болуп чалып, же жазышат. Мындай көрүнүш эркектерге караганда аялдарга ыңгайсыздык жаратат. Ушул жагынан алганда да аялдар үчүн опурталдуураак. Ошондуктан көпчүлүк кыз-келиндер иликтөөдөн качып, жеңилирээк темаларга ыкташат”.

“Азаттык” радиосунун журналисти Элеонора Бейшенбек кызы журналисттик иликтөө менен бир топ жылдан бери алектенип келет. Анын пикиринде, иликтөө жасоо үчүн негизгиси каалоо керек. Билим, тажрыйба, мүнөз да маанилүү факторлордон.

«Иликтөө жасайм деген кишинин туюму күчтүү болушу зарыл, окуянын масштабын көрүп, кесепетин сезе билиши керек. Сандарга, даталарга так болуп, кандай кырдаал болбосун, эмоцияга алдырбашы маанилүү. Журналисттик кесиптеги негизги факторлордун бири – эмоция«, — деди Бейшенбек кызы.

Кыргыз журналистикасында иликтөөнүн келечеги барбы?

Албетте, журналисттик иликтөөнүн келечеги бар. Буга акыркы мезгилдерде бул жанрдын тездик менен өнүгүп, материалдарда коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөр ачыкталып, анда айтылган фактылардын негизинде кыргыз коомунда өзгөрүүлөр орун алып жатканын негиз кылууга болот.

Тилекке каршы, сапаттуу иликтөөнү коомдун бир катмары эле көрбөсө, көпчүлүк бастырып барып тартып, жетекчилердин мукактанып калган учурларын чагылдырган блогерлик стилди көрүп калды. Мындайда иликтөөчү журналисттер материалды берүү ыкмасынын үстүнөн иштеп, жаңы форматка өтүшүбүз керек. Жалаң документтер менен иштөө кургак, супсак болот. Ага “мурч” кошуу журналисттин тажрыйбасынан, талантынан көз каранды. Маалыматты кызыктуу бергенге аракет кылышыбыз керек, — дейт Кенжебү Маматсадыкова.

Кенжебүнүн пикирин Мээрим Айныкеева дагы бекемдеп, төмөнкүлөргө токтолду: 

Кыргызстандагы иликтөөчүлөрдүн келечеги кең деп айта алам. Ошого жараша кошумча тил үйрөнүп, эл аралык аренага чыгууну азыртан ойлоно башташыбыз керек. Жыл сайын иликтөөнүн ыкмалары өзгөрүп турат.

Мисалы, быйыл ChatGPT менен иликтөөлөр жасала баштады. Муну жакшылап өздөштүрүш үчүн англис тилин билүү зарыл. Ошол себептен тынымсыз окуулардан өтүп туруу керек, бирок ошого жараша үйрөнгөн методикаларыңды дароо колдонбосоң унутуп дагы калышың мүмкүн. Кыскасы, тынымсыз изденүүнүн үстүндө болуп, окуп туруу керек”.

Иликтөөчү жанрдын келечеги көз карандысыз, элден келген айтылуу краудфандинг каржыга байланыштуу экенин эстен чыгарбоо абзел.

Автор: Бурулай Пусурманкулова.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагында «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 212