• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Журналисттерди шыктандырган жана сынаган конкурстар

21 Бештин айы 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

Журналисттердин кесипкөйлүгүн арттыруу, шык берүү, тиги же бул темага көңүлүн бурдуруу максатында жыл сайын ондогон сынактар өткөрүлүп, каражаттар сарпталат. Сынакты уюштуруучулардын арасында  мамлекеттик мекемелер, журналисттик коомдор, эл аралык уюмдар да бар. Көп учурда конкурс жыл башында жарыяланып, жыл жыйынтыкталып жатканда жеңүүчүлөр аныкталат. Муну бир жагынан журналисттин бир  жылдагы эмгеги, аракетинин акыбети деп да баалоого болот. Бул макалада сынактардын максаттары жана журналисттин кесиптик жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу сөз кылабыз.  

Кыргызстандагы кесипкөй журналисттер арасында абройлуу сыйлыктардын бири – “Умтулуу” улуттук сыйлыгы. Аны 2018-жылдан бери Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөрүп, эмгектер алты багыт боюнча тандалып келет. Быйылкы жеңүүчүлөр 15-декабрда жарыяланып, сыйлыктар тапшырылды. Т-Медианын командасы, Даткабек Шабданбеков, Алтымыш Жантемир уулу жана Аймээрим Дарбанбекова даярдаган “Маркумдарга арналып кыйылган арчалар” аттуу иликтөө “Айлана-чөйрөнү” коргоо номинациясында баш байгени жеңди. Журналист Аймээрим Дарбанбекова даярдаган  дагы бир материалы “Эл жана анын бийлиги” номинациясында 3-орунга ээ болду.

Бул жеңиш мага жана кесиптештериме мындан ары сапаттуу контент жасоодо өзгөчө шык берет. Мындай жеңиштер дагы да кесиптик жактан өсүүгө, ар тараптуу контент жасоого, билим алууга жаңыча иштөөгө эргүү берет”, – деди Аймээрим.

Мурдагы журналист, азыр Кыргызпатенттин маалымат катчысы Мээрим Ташибекова “Умтулуу – 2021дин” жеңүүчүлөрүнүн бири. Анын пикиринде, абройлуу сынактар жалпы журналистиканы алдыга сүрөйт.

“Негизи журналист коомдогу болуп жаткан окуяларды калыс, так чагылдырууга кызыкдар болушу керек. Тилекке каршы, көп журналисттер редакциялык саясаттан чыга албай калышат. Бирок, жалпы журналисттерди алдыга сүрөгөн бир “маяк” болгону жакшы. “Умтулуу” сынагы бүгүнкү күндүн журналисттери үчүн дал ошол маяк сыяктуу жарык жолду көрсөтүп турат”.

Адатта журналисттер арасында конкурстар ЖМКда анча көңүл бурулбаган, бирок көйгөй жараткан маселелерди көбүрөөк чагылдыруу, калкка жеткирүүнү максат кылат. Атайын каражат бөлүп, көңүл бурбаса ал темалар көңүл сыртында калып келгени жашыруун эмес. УТРКнын “Ала-Тоо24” каналынын штаттан тышкаркы кабарчысы Айзирек Акматова быйыл Улуттук банктын сынагында жеңүүчү болду. Бул анын биринчи ийгилиги экенин, ишине ишеним жана үмүт бергенин айтат.

“Улуттук банктын расмий баракчасынан конкурстун шарттарын окуп, сюжеттеримди жиберип, “Мыкты материал” номинациясын утуп алдым. Бул менин журналисттик ишмердүүлүгүмө  байланышкан биринчи жеңиш болду. Буйруса алдыда ушул сыяктуу сынактар болсо өзүмдү сынап көрөм деген ниет пайда болду”, – деди Айзирек Акматова. 

Айзирек жеңүүчү болгон Улуттук банктын сынагы 10 жылдан бери такай өткөрүлүп келет. Мекеменин коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси Нурзада Сыдыкбекова билдиргендей, калктын каржылык сабаттуулугун жоюуга багытталган сынак кээде максатына жетпей калат.  

Мисалы, 2019-жылы Улуттук банк жарыялаган сынакка катышуу үчүн келип түшкөн материалдардын сапаты да, саны да конкурстун шартына туура келбей, максатына жеткен жок деп табылган. Биз конкурс тууралуу банктын расмий веб-сайтына, социалдык баракчаларына жана ЖМК аркылуу да кулактандырганыбызга карабай, ага катышууну каалаган журналисттердин саны көп эмес. Салыштыруу үчүн айтсак, алгач, 2013-жылы улуттук валютанын 20 жылдыгына арналып өткөрүлгөн сынакка жалпысынан 67 материал 43 автордон сунушталган болсо, быйыл ушундай эле сынакка болгону 19 автордон 42 материал түштү”, — дейт Сыдыкбекова.

 Жыл сайын конкурс уюштурган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы сынагынын багытын өзгөрткөнүн билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Айнура Асанбаеванын айтуусунда,  буга чейин бир тематика боюнча тандоо болсо, мындар ары министрликтин ишмердүүлүгүнө байланышкан бардык тармактарды камтуу талабы коюлду.

“Саясат, кылмыштуулук темасын жазгандар көп. Ал эми маданият, маалымат, спорт , жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер темасын системалуу чагылдырган редакциялар жана журналисттер аз болууда. Максатыбыз —  өлкө элине, ошондой эле дүйнө коомчулугуна кыргыздын бай мурастарын, маданий баалуулуктары, жаштар, спорт  жаатында жасалган иштер, улут аралык ынтымакта жашоо, кыргыз жараны катары кандай калыптанып, кандай алгылыктуу иштерди кылып жатканбызды даңазалоо. Жалпысынан беш багыт боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Сынакка сарпталган каражат министрликтин өзүнүн бюджетинен каралган”.

Өлкөдөгү редакциялар жана журналисттер үчүн сынактарды көп уюштурган уюм — “Сорос — Кыргызстан” фонду. Фонд быйыл конкурстун багытын жана талабын өзгөрттү. Тагыраагы, даяр журналисттик материалдарга эмес, жасала турган долбоорлор үчүн каражат бөлдү. “Сөз эркиндиги жана өзүн көрсөтүү” программасынын менежери Айгүл Ажиева билдиргендей, сынак медиа жана арт деп бөлүндү. Биринчиси, аймактардагы жашоонун өзгөчөлүктөрүн жана көйгөйлөрүн чагылдырууга багытталса, экинчиси, “Искусство актуалдуу социалдык көйгөйлөр боюнча коомдук талкууну калыптандырууга көмөктөшүүчү өзүн көрсөтүү ыкмасы” деп аталды. Максаты — өлкөнүн аймактарындагы таланттуу, чыгармачыл инсандардын демилгелеринин ишке ашыруусуна колдоо көрсөтүү.  

“Эки сынактын ар бирине болжол менен 120 миң доллардан бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө долбоорлор ишке ашып жатат. Өзгөчө маани кыргыз тилине берилип, бардык долбоорлордун мамлекеттик тилде ишке ашуусу милдеттендирилген. Долбоор жыйынтыкталган соң тиги же бул максатына жеткени, кыйынчылыктар, өзгөрүүлөр боюнча жалпы баа берилет”.

Ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү Программасы ар башка программалардын алкагында тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен чогуу калк саламаттыгы, гендердик теңчилик, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана башка багыттар боюнча конкурстарды өткөрүшөт.  

Кубандырганы кыргыз журналисттери жараткан контент кыргыз тилдүү аудитория менен эле чектелбей, башка өлкөлөрдүн жогорку сыйлыктарын багынтып жатканында. Мисалы, 7-декабрда АКШнын Мамлекеттик департаменти журналист Али Токтакуновду “Коррупцияга каршы күрөштүн каарманы” сыйлыгынын лауреаты деп жарыялады.

“Бул сыйлык коррупциянын алдын алууда, анын бетин ачууда лидерлигин, кайратмандыгын жана таасирин көрсөткөндөргө ыйгарылат. Башка көптөгөн күчтүү талапкерлер менен ат салышып, Токтакунов Кыргызстандагы коррупцияга каршы баяндамалары жана сөз эркиндигин жактаган көрүнүктүү ишмердиги үчүн сыйлыкка ээ болду”, – деп жазылган АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында.

Али Токтакунов Кыргызстанда белгилүү журналист жана иликтөөлөрдү даярдаган MediaHubдын негиздөөчүлөрүнүн бири. “Азаттык” радиосунда иштеп турганда ошол кездеги Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов боюнча бир катар резонанстуу иликтөөлөрдү жасаган. Бул материалдардан кийин  бажыдагы трансулуттук коррупция, ага тиешеси бар аткаминерлер менен бизнесмендер ачыкка чыгып, Матраимов камакка алынган жана бюджетке келтирген зыяндын ордунун бир бөлүгүн толтуруп, эркиндикке чыккан. Иликтөөлөр республикалык деңгээлдеги бир катар сынактардын да жеңүүчүсү болгон.

“Сынактын калыстары демейде тажрыйбалуу журналисттер, медиаэксперттер болушат. Алардын тандоосу менен кесипкөйлүү бааланат. Негизи журналист үчүн эң башкы сыйлык — элдин колдоосу. Анын материалын, иликтөөсүн көрүп, баалап, кубатташса бул чоң жетишкендик”, — деди Али Токтакунов.

Соңку жылдары кыргыз медиасында журналисттик иликтөө жанры өнүгүп жатат. Бул жанрды колдоо максатында, 2018-жылы журналист Улан Эгизбаев атындагы  Журналисттик иликтөө фонду түзүлүп, сыйлык уюштурулган. Фонддун төрайымы Гладис Темирчиеванын айтуусунда, сыйлыктын максаты Кыргызстанда коомдун кызыкчылыгына кызмат кылган сапаттуу журналисттик иликтөөнүн өнүгүшүнө салым кошкон иликтөөчү журналисттерди тандоо жана мыктыларын сыйлап, алардын ишине дем берүү.

“Сыйлыктын жеңүүчүлөрү оргиналдуулук, талдоонун тереңдиги, коомдук пикирге таасири жана жумуштун этикалык тарабы  сыяктуу критерийлердин негизинде аныкталат. Жыл сайын сынакка келген материалдардын саны, сапаты да өскөнүн байкап жатабыз. Буга өлкөбүздө сапаттуу иликтөөлөр даярдалып, бул жанрга коомчулук тарабынан кызыгуунун жаралуусу да себеп болуп жатса керек. Иликтөөчү журналистикага көңүлдүн өсүшү тармакта тренингдер жана долбоордук программалардын көбөйгөнүнө да байланыштуу деп ойлойм. Окуулардын натыйжасында журналисттердин кесиптик чеберчилиги жогорулоодо. Бул иштин стандарттарына жана репортаждардын сапатына таасирин тийгизип жатат”.

Улан Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү жыл сайын анын туулган күнүндө, 12-февралында жарыяланат.

Автордон сөз:

Мен да бир канча ирет түрдүү мекемелер, эл аралык уюмдар жарыялаган сынактарга катышып, жеңүүчү болгом. Тажрыйбаны эске алып жазсам, сынактар баарынан мурда ошол теманы жакшыраак түшүнүүгө, элге жеткирүүгө, кесиптик жактан өсүүгө, анан албетте, каржылык же жумушка байланыштуу техникалык жактан да абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан ар бир журналист өзү жактырган темадагы сынактарга катышып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өзүн сынап, жок дегенде жыл жыйынтыкталып жатканда өзү үчүн отчет бериши керек деп ойлойм. Ошол эле учурда сынак уюштурган тараптар сынактын шарттарын өзгөртүп, арыздарды кабыл алууга 1 ай калганда эмес, эң аз дегенде алты ай, жакшысы жылдын башында жарыяласа туура болот деген пикирдемин.

Автор: Бурулай Пусурманкулова.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 184