• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жамааттык медианын аймактагы кабарчы айымдары туш болгон тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар

22 Бештин айы 2023 17:47 Бишкек Govori.TV

Аймактагы социалдык, экономикалык жана башка көйгөйлөрдү чечүүдө журналисттердин ролу чоң. Бул кесипти аркалагандар кандай көйгөйлөрдү көтөрүп, байма-бай чагылдырып турушат. Мындан сырткары, бардык тоскоолдуктарга карабай өлкөнүн булуң-бурчунда журналисттик кесипти аркалаган айымдар дагы бар. Биз бүгүн Жамааттык медианын аймактагы кабарчы айымдар кантип иштеп жатат? Алар аймакта кандай тоскоолдуктарга, стереотиптерге туш болот?

“Күйөөң жок болсо бат эле кепке каласың

Гүлбарчын Мамытбекова алыскы Ак-Талаа районундагы “Тунук” Жамааттык медиа борборунун жетекчиси, аны менен катар эле райондогу мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенет. Ал сегиз жылдан бери журналистика тармагында жүрөт.

“Башында журналист болуу өтө кыйын болду. Себеби, аял болгонуң үчүн элден ар кандай сөздөр көп болот экен. Анан күйөөсү жок туруп, журналист болуп иштесең бат эле сөзгө, ушакка каласың. Интервьюга барсаң тоготпой, туура эмес көз караштар менен караган учурлар болду. Үйдөгү жумуштарды жасашың керек, балдарды карап, мектепке даярданышың керек. Ушундай түйшүктөр да болот. Бирок мунун бардыгын жеңип келе жатам десем болот. Анткени максаттарга жетүү үчүн баарына чыдашың керек. Мен ойлойм, мындай тоскоолдуктар аркылуу мен көп маселенин чечилишине себепчи болом. Себеби биз дагы туура маселелерди көтөрө алабыз”, —  дейт ал.

Мамытбекова бардык тоскоолдуктарга карабастан ыктыярчылар менен дагы иштешет. Ал райондогу журналист болууну каалаган мектеп окуучуларын окутат. Буга чейин ал 80ге жакын ыктыярчы менен иштешкен.

“Ыктыярчылар көбүнчө мектеп окуучулары болот да. Алар интервьюга барганда баласынтып койгон учурлар көп кездешет. Эшикке күттүрүп койгон, туура эмес жооп берип койгон ушу сыяктуу окуялар болот. Анан алар дагы “эже, минтип айтып койду, эже, тигинтип айтып койду” деп келе башташты да. Анан алдын ала сүйлөшүп, “менин ордума ыктыярчы журналист барат” деп айтып, анан жиберем”, — деп кошумчалады ал.

“Дайыма ушак-кептер айтылып турат”

Аймактарда, айрыкча алыскы өрөөндөрдө журналист болуп иштөө бир топ кыйынчылыкты жаратат. Өзгөчө айымдарды көптөгөн тоскоолдуктар жана коомдо калыптанып калган стереотиптер коштоп жүрөт. Мындай кыйынчылыктарга жана сөздөргө дагы туруштук берүү өзүнчө бир эрдик деп айтууга негиз…

Гүлназ Камбарали кызы сегиз жылдан бери Тогуз-Торо районундагы “Ооган-Талаа” Жамааттык медиа борборунда иштейт жана фотожурналистиканын дагы өнүгүшүнө салымын кошуп келет. Аны менен катар эле мектепте да окуучуларга сабак берип эмгектенет.

“Аял болгонуң үчүн айрым жетекчилер тоготпогондой түр көрсөтүшчү. Кийин фотожурналист болгондон кийин сүрөт тартып жүргөн мезгилде дагы ар түрдүү сөздөрдү айтып жүрүштү. Ал арада көптөгөн ыктыярчылар менен иштештим. Бул жак айыл жергеси болгондуктан коомчулуктун кыздарга болгон көз карашы, алардын максаттарын чектейт. Мисалы, кээде ата-эне каршы болуп алат, “сен көчөдө эле жүрөсүң, үйдө отур” деп. Кээ бир адамдар ошол ыктыярчы журналист кыздардын ата-энелерине ар кандай сөздөрдү айтышат. Анан албетте, жаш журналист болом деген кыздар кайра бул кыялдарынан баш тарткан учурлар көп болот. Мага деле сын-пикирлер, коомчулуктун терс көз караштары айтылат. Жолдошума келип, мени жамандап кеткен учурлар дагы болот, “Аялың көчөдө эле жүрөт. Ар ким менен жүрөт” деген сыяктуу сөздөрдү жолдошума айтышат. Анан жолдошум дагы чектеген учурлар болот”, — деди ал.

“Аял болгонуң үчүн тоготпогондой түр көрсөтүшөт”

Ушундай эле кыйынчылыктарга Канттагы “Невакет” Жамааттык медиа борборунун журналисти Венера Шомкоева дагы туш болгон. Ал жашаган аймакта ар улуттун өкүлдөрү болгондуктан, анын ишмердүүлүгүнө карата дагы сын-пикирлер байма-бай айтылып турган.

“Аял кишилер үчүн аймактарда журналистиканы өнүктүрүш кыйын. Анткени эл ар кандай кабыл алат. Анан биз негизи ар кандай долбоорлор менен иштеп калабыз, кээде андай жок болуп калат. Туруктуу айлыгыбыз жок, өз ыктыярыбыз менен эле иштейбиз. Ыктыярчыларды дагы кабыл алып, журналистикага үйрөтөбүз. Мен жашаган айылда ар улуттун элдери көп. Анан алар кыздарын сыртка чыгарбайт. Мисалы, ошол кыз журналист болууну каалап турса дагы, кыз болгону үчүн иштетпей коюшат. Мага деле жолдошум жок болгон үчүн ар кандай пикирлерди көп айтышат. Маселен, “Бул ушинтип ар ким менен эле жүрөт. Эки жакка көп басат” деген сыяктуу кептер көп айтылат”, — дейт Шомкоева.

Аймактарда журналисттик кесипти аркалагандар ар түрдүү тоскоолдуктарга дайыма кабылышат.  Айрыкча аймактарда иштеген айымдарга үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, кесип жолундагы түрдүү кыйынчылыктар көп болот. Бирок, журналистика коомдук пикирди калыптандыруунун күчтүү куралы экени талашсыз.

Бардык кыйынчылыктарга карабай окуп, билим алып, кесипкөй журналист болууга умтулган айымдар көп. Медиа адис Гүлзат Газиева барына туруштук берип, баласын жумушка, окууларга кошо ала келип жүргөн айымдар бар экенин айтып, бул жакшы жөрөлгө экенин белгиледи.

“Алыскы элет жеринде жашап, иштеген журналист аялзатынын түйшүгү көп. Күнүмдүк үйтирилигин, бала тарбиялоону, кесиптик ишин айкалыштырып жүрүшөт. Иш сапарлары да бар. Кесиптик дареметин өнүктүрүү үчүн окуп, тажрыйба үйрөнүп келүүгө туура келет. Мындайда үй-бүлөлүк шарты туура келбей калган учурлар болот. Бирок, айрым журналист айымдар кичинекей баласын ээрчитип алып окуп, үйрөнүп жүрүшөт”, — дейт медиа адис Гүлзат Газиева.

Автордун пикири

Кандай болгон күндө да аялдар журналистикада иштеп турганы өтө маанилүү. Бирок, өлкөнүн булуң-бурчунда иштөө албетте жеңил эмес, тескерисинче өтө оор. Көпчүлүк социалдык маселелер аял журналисттер тарабынан көтөрүлөт, кайсы бир учурда чечилет. Үй-бүлө, аялдардын укугу, балдардын укугу, билим, тарбия, ден соолук, миграция жаатында көйгөйлөр дагы көп. Аларга  журналисттик кесипти аркалаган аялдар көп көңүл бурушат, анткени жон териси менен сезишет, туюшат.

Автор: Дилде Шатанова.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 213