• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргызстанда телеканалдардын басымдуусун мырзалар жетектейт

22 Бештин айы 2023 10:05 Бишкек Govori.TV

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 100дөн ашуун көз карандысыз телерадиокомпания ишин жүргүзүп келет. Мындан сырткары, онлайн басылмалар, гезиттер бар — мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик. Учурда ЖМКлардын ичинен телеканалдардагы жетекчилик кызматтарда эркектер басымдуулук кылат.

Мисалы, курамына бир нече телеканалдарды, радиолорду камтыган («Маданият, Тарых, Тил», «Ала-Тоо 24», «Баластан», «Спорт», «Музыка», «Кыргыз радио», «Биринчи радио», «Миң Кыял ФМ», облустук телеканалдар)  Улуттук телерадио корпорациясын жетектөө быйыл Болот Тиллебаевге жүктөлгөн.

Учурда анын маалымат, контент жана техникалык жактан үч орун басары да мырзалар. Ошондой эле, УТРКнын 90 жылдан ашуун тарыхында жетектеген директорлордун басымдуусу да эркектер болгон.

«ЭлТР» телерадио компаниясынын директору Эрлан Догдурбеков. УТРКдан айырмаланып анын эки орун басарынын бири айым.

Мындан сырткары, «Бешинчи канал», «New TV», «Пирамида», «Борбордук», «ОшТВ», «Некст ТВ», «Ош Пирим», «Нур», «Жетинчи канал», «Регион»,

«Т-Медиа», «Азия ТВ» телеканалдарын да мырзалар башкарат. Бир гана «НТС» ТРКнын директору айым.

Медиа тармагында гендердик теңчиликке көңүл бурулабы?

Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директорунун орун басары Улан Сатиевдин айтымында, алардын жамаатындагы чыгармачылык курамда айымдар басымдуу орунду ээлейт. Мырзалар техникалык жумушта көбүрөөк болгону менен инженер айымдар да бар.

Сатиев үч эркек орун басар боюнча төмөндөкүдөй түшүндүрмө берди.

«Жетекчилик курамда айымдар менен мырзалардын пайыздык көрсөткүчү бирдей. Жаңы түзүмгө ылайык, кызматы кеңейтилген иш башкармалыгы бар. Аны айым жетектейт. Ошондой эле, финансы-экономикалык башкармалыгы жана реклама бөлүмүн айымдар жетектешет. Башкача айтканда, негизги  чечүүчү бөлүмдөрдө айымдарга ишеним көрсөтүлөт», — деди УТРКнын башкы директорунун орун басары Улан Сатиев.

Республикалык «Эркин-Тоо», «Кыргыз-Туусу» гезитинин жетекчилери да мырзалар. Мындан тышкары, 12 облустук гезиттин башкы редакторунун үчөө гана айым.

Телерадио компания, гезиттердин айырмаланып онлайн басылмаларда абал башкача. Башкы редакторлук же башка жооптуу кызматтарда айымдар көпчүлүктү түзөт.

Мамлекеттик жана жеке медиадагы мындай айырмачылыкты медиа серепчи Марат Токоев кадр саясаты менен байланыштырат.

«Мамлекеттик медиаларда жетекчилер дайындоо жолу менен келет. Бул мамлекеттин кадр саясатынан улам ушундай болуп жатышы мүмкүн. Аялдарда декреттик өргүү, үй-бүлөлүк маселелер бар. Менимче тынч деп көбүнчө эркектерди дайындап коюшат болуш керек. А жеке медиада аялдар басымдуу. Алардын аткарган ишинин жыйынтыгына карап дайындашат. Мындан улам, жеке медиаларда ийгилик жаратып, мыкты жетектеп келе жаткан айымдар көп», — деди Токоев.

Өткөн жылы Кыргызстанда аялдардын лидерлик сапаттары тууралуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага катышкан медиа серепчи Элира Турдубаева, ЖМК эле эмес бардык тармакта мырзалардын басымдуу экенин патриархалдык коомго байланыштырат. 

«Сурамжылообузда катышуучулардын көбү кайсы тармакта болбосун жетекчи айымдарга көп ишеним артпай турганын билдиришти. Анткени “аялдын башкаруучулук жөндөмү жетишсиз же финансылык сабаттуулук жактан алсыз” дегендей мисалдарды келтиришти. Ага аялдар декреттик өргүүгө кетип, кайра келгенде билиминин жетишсиз болуп калышы, мындан улам өзүнө ишенимдин жоголушу мисал болгон учурлар бар», — дейт Турдубаева.

2021-жылы эл аралык «Медиа Сабак» коомдук фонду өлкөдөгү 20га жакын ЖМКлар менен «Гендердик – сезимтал журналистикага умтулуу» жөнүндө макулдашуу кабыл алган.

Андагы пункттардын биринде: «Кадр саясатында, милдеттерди жана темаларды бөлүштүрүүдө гендердик дискриминацияга жол берилбейт. Аял менен эркектерге бирдей жумуш шарттарын, бирдей эмгек акыны жана карьералык өсүш үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт», – деп жазылган.

Аталган фонддун өкүлү Кундуз Жекшен макулдашуу кабыл алынганга чейин журналисттерге гендердик сезимтал журналистика боюнча окуутуулар өткөрүлгөнүн айтат. Анын негизинде катышуучулар тарабынан кодекс иштелип чыгып, аталган пункт кошулган.

«Талкуулоонун жүрүшүндө редакцияларда аялдардын эмгек укуктарын сактоо маселеси көтөрүлгөн. Долбоордун катышуучулары эмгек укуктарынын бузулушуна байланыштуу окуялары менен бөлүшүшкөн.Тилекке каршы, аялдардын эмгек укуктарынын бузулушу эмгек мыйзамдарында бекитилген адам укуктарынын же гендердик теңчиликтин бузулушунун контекстинде дайыма эле кабылданбай турганын моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан макулдашуу кабыл алганбыз. Алардын бүгүнкү күндө гендердик негизде бузулуп жаткан эмгек укуктарын коргоого жардам берет деген үмүттө», – дейт уюмдун өкүлү Кундуз Жекшен.

Иш жүзүндө редакцияларда журналисттердин көбүн айымдар түзөт. ЖОЖдордун журналистика факульттеринде окуган студенттердин арасында да кыздар көп. Мисалы, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтун былтыр 114 студент бүтүргөн. Анын 97си кыз, 17си гана эркектер болгон. Түштүктөгү жалгыз журналистика адистигине даярдаган ОшМУнун журналистика бөлүмүн жылына 15-20 студент аяктаса, анын төрттөн бирин гана балдар түзөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да бул маселеге таандык жагдай бар. Тагыраагы, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, жалпы жаматта бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы коллективдин 30 пайызынан кем болбошу керек. Бирок, иш жүзүндө бул мыйзам канчалык сакталганы анчейин ачыкталбай кала берчүдөй.

Автор: Айдай Беделбек кызы.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 173