Карыпбековдун тоого чыгып Путинге кайрылуусу кошоматчылыкпы?
Карыпбековдун тоого чыгып Путинге кайрылуусу кошоматчылыкпы?
3 Аяк оона 2019 14:41 Бишкек Govori.TV
Социалдык түйүндө КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбековдун “Путин” чокусуна чыгып, Орусиянын Президенти Владимир Путинге жасаган видео кайрылуусу сын пикир жаратты.
Айрымдары анын бул видео кайрылуусун кошоматчылык катары бааласа, кээ бирлери колдоодо.
Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков 4451 метр бийиктикте жайгашкан “Путин” чокусуна чыгып, Путинге видео кайрылуу жасаган. Видео кайрылууда ал Орусиянын Президентине сунуш киргизип, андан кол саатын сураган.