Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
2018-жылдын 20-октябрында камакка алынган президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун кебетеси кыйла өзгөргөн жаңы сүрөтү жарыяланды.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту үчүнчү ирет жылдырылды. Ага күбө жана жабырлануучунун келбей калганы себеп болгон.


Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.