• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Илмияновдун иниси Ат-Башыга которулду

7 Бугу 2018 18:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек 07.05.18  Govori.tv

Президенттин аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун 1988-жылы туулган бир тууган иниси Илмиянов Зулхайнар Саттарович УКМКнын борбордук аппаратынан Ат-Башы райондук бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты. Govori.tv агенттиги УКМКга расмий суроо жөнөттү. Бирок жообу келе  элек.

УКМКны Абдил Сегизбаев башкарып турганда, Икрам Илмияновдун суранычы менен Зулхайнар Илмиянов  прапорщиктен офицердик чинге көтөрүлүп, УКМКнын борбордук аппаратынын Ыкчам кызматында эмгектенип жаткан деген маалымат бар.

Количество просмотров: 12