• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Илмияновдун иши Бишкек шаардык сотто 20-майда каралат

27 Чын куран 202010:45 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси,  Икрамжан Илмияновдун жактоочуларынын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 20-майда каралат. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Илмияновдун иши боюнча соттук отурум 27-мартта болмок. Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жараян кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери Икрамжан Илмияновду Москвадан кармап, Кыргызстанга алынып келинген. Ал алдамчылыкка шектелип УКМКнын убактылуу жайына камакка алынган.

Количество просмотров: 98